Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Милиция кармалгандарга депутаттарды өткөрбөй жатат


Кабарчыбыздын маалыматы боюнча ушул тапта Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында 100дөй киши кармалган партия мүчөлөрүн бошотууну талап кылып турушат. Алардын арасында социал-демократтар партиясынын депутаттары Галина Скрипкина жана Сагынбек Абдырахманов да бар. Депутаттарга ичкери кирүүгө уруксат берилбей жатат. РИИБнүн нөөмөтчүсү аларды киргизбөө себебин жогорку жактан көрсөтүлгөн буйрук деп түшүндүргөн.
“Ак шумкар” партиясынын 20 чакты мүчөсүн Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушуу үчүн келген жеринен Биринчи Май районунун милиция кызматкерлери кармап кетишти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG