Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Темир Сариев: Милиция бийликтин буйрутмасын аткарып жатат


Ал бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрүнүн кармалышына байланыштуу Биринчи Май РИИБнүн алдына чогулган элге кайрылып айтты. Анын сөзү боюнча кармалгандар Биринчи Май райондук сотунда административдик жоопко тартылат. Ушул тапта РИИБнүн алдында жүздөн ашуун киши чогулуп турат. Темир Сариев бийликтин ар кандай бут тосууларына, кысымына карабастан "Ак шумкар" партиясы өзүнүн талаптарын коюуну уланта бермекчи. Ошол эле жерде милициянын атайын отряддары он чакты автобустарда дайын болуп отурушат. Бул тууралуу ошол жакта жүргөн кабарчыбыз маалымдады.
Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушууну каалаган “Ак шумкар” партиясынын 20 чакты мүчөсүн бүгүн саат 8:45те Улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткен. “Ак шумкар” саясий партиясы бүгүн Ынтымак курултайынын катышуучулары менен Улуттук филармониянын алдында жолугушуп, өздөрүнүн курултайдын күн тартибинде киргизилүүсүн талап кылган маселелер жазылган кайрылуусун берүүнү көздөгөн. Анда курултайдын күн тартибинде беш маселе каралышын: Жаңы жылдан кийин сатылган “Түндүк электро” менен “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканаларынын менчикке сатылышы мыйзамсыз деп табылып, мамлекетке кайтарылуусун; электр энергиянын негизсиз көтөрүлгөн тарифи жана коммуналдык төлөмдөр калыбына келтирилүүсүн, электр энергиясын уурдап, сууну мыйзамсыз сатып жаткандар жоопко тартылуусун; президент өз алдында мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик мекемелерге дайындалган туугандарын кетирип, мыйзамсыз мекемелер: Борбордук агентчилик, мамлекеттик министрлик ж.б. жойсун; президент өзүнүн Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруучу Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алуусун; мыйзамсыз соттолгон И. Исаков менен Балыкчы окуясында соттолгондорду бошотуу, Петровка чатагы боюнча оппозициялык ишмерлердин сот процессин токтотууну талаптары жазылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG