Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 22:49

“Азаттыктын” журналистинин артынан аңдып жүрүшөт


“Азаттыктын” Ош облусу боюнча кабарчысы Алишер Токсонбаевдин артынан белгисиз бирөөлөр аңдып жүрөт. Бул тууралуу кабарчыбыз өзү кабарлады. Анын айтымында, артынан ак түстөгү Z 1449 A номурлуу “Хундай Аванта” маркасындагы унаа кууп жүрөт. Бул тууралуу кабарчыбыз шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине арыз жазып кайрылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG