Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

Коррупцияны ачык айткан полициячы соттолду


Орусияда ички иштер органдарындагы коррупцияны ачык айткан полициячы соттолду. Интернеттеги youtube сайтына видеокайрылуусун жайгаштырып, анда майор Алексей Дымовский ачылбаган кылмыштар үчүн күнөөсүз кишини түрмөгө отургузуп, статистиканы жакшыртуу ички иштер органдарында кадимки көрүнүш экенин, ал үчүн ага чоңдору кызмат тепкичинде көтөрүүнү убада кылышканын айткан эле. Дымовский кечээ Новороссийскидеги райондук соттун чечими менен өзүнүн эки кызмат жетекчисин каралаган деп айыпталып, ал экөөнө 1800 доллардан айыппул төлөп берүүгө милдеттендирилди. Анын интернеттеги видеосун кыска убакыт ичинде жүз миңдеген киши көрүп, орус коомчулугу милиция органдарында мыйзамсыздык тууралуу ызы-чуу көтөргөн эле.

XS
SM
MD
LG