Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Унаа чыгаруучу Дэймлер АГ фирмасына кылмыш иши козголду


Германиялык унаа чыгаруучу Дэймлер АГ фирмасына АКШда паракордук үчүн кылмыш иши козголду. Расмий айыптоо кагазында айтылгандай, немис фирмасы 10 жыл ичинде он миллиондогон долларлык параны 22 өлкөнүн жетекчилерине төлөп бергени айтылат. Мыйзамсыз акча алган өлкөлөр арасында Орусия, Кытай, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан да жүрөт. Кабарга караганда, Дэймлер фирмасынын өкүлү Ашгабаттагы бир чоңдун туулган күнүнө 300 миң долларлык Мерседес Бенц белек кылган. Германиялык фирма АКШнын юстиция министри козгогон ишти жөнгө салыш үчүн 185 миллион доларлык айыппул төлөө ниетин билдирди.

XS
SM
MD
LG