Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Жаңы конуштардын тургундары нааразылык чарасына чыкты


Бишкектеги Ак-Жар, Ак Бата жаңы конуштарынын тургундары бул конуштардагы суу, жер маселесинин чечилбей жатышына нааразы болуп, көчөгө чыгышты. Алар конуштарды суу, электр жарыгы менен камсыз кылууну, Ак жар конушу жайгашкан жер жеке менчикте болгондуктан, ушул маселени чечүүнү талап кылышты. Чогулгандарга Аламүдүн районунун акими барып, жер маселеси сот аркылуу гана чечиле турганын, тийиштүү аракеттер жасалаарын билдирди. Бир жарым миңге чукул адамды тартип коргоо органдары күч менен таратууга аракет жасашып, беш адам сабалып, аларга тез жардам чакырылган. Бул тууралуу окуя болгон жерден "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыштар башкармалыгынын жетекчиси Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” ырасташынча, акцияга 100-150дөй адам чогулган, ал эми аларды тартип сакчылары кармап, сабады дегени туура эмес маалымат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG