Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

К. Бакиев: орус-кыргыз алакасына от койгусу келгендер бар


Президент Курманбек Бакиев курултайды жыйынтыктап сөз сүйлөп жатып Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу пикирин айтты. Кечээ орусиялык массалык маалымат каражаттарда Кыргызстан тууралуу материал кеткенин, андагы маалымат туура эмес экенин баса белгиледи. Бул эки мамлекеттин мамилесин бузгусу келгендер бар экенин кошумчалады. Кыргызстан Орусия, АКШ жана Кытай менен да мамиле түзөт, деди К. Бакиев. Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр жана айрым серепчилер Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруудан улам соңку учурда Орусия ага далысын сала баштаганын ырастап келишет. Кечээ орусиялык таасирлүү “Вести” телеканалы Кыргызстан корруция менен тууганчылыктын торунда калганы тууралуу макала жарыялады. (EBM)

XS
SM
MD
LG