Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу өлкөнүн Швециядагы элчиси жакынкы күндөрү кызматын тапшыраарын жарыялады. Швеция парламенти биринчи дүйнөлүк согуш маалында Осмон түрктөрү армяндарды өлтүргөнүн геноцид деп атаган декларация кабыл алган. Стокгольмдогу түркиялык элчи ошонун айынан мекенине кайтыралат. Буга чейин Анкара АКШда Конгресстеги комитет ушундай чечим кабыл алганы үчүн ал жактагы элчисин чакыртып алган.