Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Миллиардер Александр Лебедев Индепендент гезитин сатып алды


КГБнын экс-агенти, орусиялык миллиардер Лебедев Англиялык атактуу “Индепендент” жана “Жекшембилик Индепендент” гезиттерин символикалуу 1 фунтка сатып алды. Келишимге ылайык, эки гезиттин мурунку ээси алдыдагы он ай ичинде Александр Лебедевге 9 миллиондон ашык фунт төлөп берет. Ал үчүн Лебедевге таандык уюм эки гезиттин калган бардык карыздарын өз мойнуна алат. Финансылык кризистен улам рекламадан мурдагыдай пайда таппай калган эки гезиттин былтыркы карызы 42 миллион долларга чукулдап барган.

XS
SM
MD
LG