Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Коргоо министри АКШнын жаңы аскерий базасы жөнүндөгү кабарды төгүндөдү


Коргоо министри Бакыт Калыев Кыргызстандын түштүгүндө аскерий машыгуу борбору негизделип жатканын бүгүн журналисттерге билдирди. Министрдин айтымында борбор өңчөй кыргызстандык аскерлерди машыктыруу максатын көздөйт жана ага АКШ, Орусия жана Түркия өңдүү мамлекеттерден машыктыруучулар (инструкторлор) тартылышы ыктымал. Машыгуу борборун негиздөөгө 5 млн. доллар каражат сарпталат. Бул багытта Кыргызстан менен АКШнын тиешелүү тараптары сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Коргоо министри АКШнын колдоосу менен негизделип жаткан кыргызстандык аскерлердин машыгуу борбору Орусия, Өзбекстан мамлекеттери менен Кыргызстандын алакаларына терс таасирин тийгизбейт деп ишендирди. Министр Кыргызстандын түштүк аймагына АКШнын аскерий базасы жайгаштырылууда деген басма сөздөгү маалыматтарды төгүндөдү.

Бакыт Калыевдин билдиргенине караганда, түштүктө Орусия аскерий базасын ачуу демилгеси сүйлөшүү деңгээлинде турат. Былтыр аскерий база ачуу ниетин билдирген меморандумга эки мамлекеттин президенттери Дмитрий Медведев менен Курманбек Бакиев Чолпон-Атада кол коюшкан. (BuS/BSh)

XS
SM
MD
LG