Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстандык укук коргоочуну тажик коопсуздук кызматы кармады


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапиров кабарлады. Анын айтымында, мындан үч күн мурда ага Тажикстандан алар менен кызматташкан тааныш адамдардын бири чалып, аталган борбордун мүчөсү Нематтулло Ботакозуевди тажик коопсуздук кызматы кармагандыгын, учурда ошол жерде кармалып турганын кабарлаган. Р.Гапировдун айтымында, Тажикстанга Кыргызстандын Коопсуздук кызматынан да барып, Н.Ботакозуевди коркунучтуу кылмышкер катары көрсөтүп, кайтарып алууну сураган. “Ага тажик кызматы да бир топ айыптарды салыптыр. Мен анын Ошто кандай иштерди аткарганы, эмне кылып жүргөндүгү тууралуу маалымат, мүнөздөмө жазып, интернет аркылуу жөнөттүм”, - дейт Р. Гапиров.

Качкын макамын сурап жүргөн кыргызстандык укук коргоочу Нематилло Ботакозуев 26-февралдын кечинен бери дарексиз жоголгону кабарланган. Ал Кыргызстандан Ноокат окуясынан бери жашырынып жүргөн. Жергиликтүү бийлик аны Ноокат окуясынын уюштуруучусу катары күнөөлөп келатат. Н. Ботакозуев өзүн кандайдыр бир диний уюмдардын өкүлүмүн деп эсептебей турганын белдирип келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG