Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

БЭК март ыңкылабынын 5 жылдыгы боюнча билдирүү таратты


Бириккен элдик кыймыл бүгүн тараткан билдирүүсүндө 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик ыңкылаптын 5 жылдык мараакесин президент Курманбек Бакиев Ынтымак Курултайы деп аталган кайдыгерлердин жана баш ийкеп макул болгондордун жыйынына жамынып өткөргөндүгү жазылат. “Жалпы элдик майрам уюштурууга бийлик батына албады, анткени калктын көпчүлүк бөлүгүндө жыргап тамаша кура тургандай себеп деле жок. Жакырдыктын сазына батып, четинен кырылып жок боло баштаган карапайым калк бийликке ызырынып турган кези, жер-жерлерде миңдеген киши катышкан нааразычылык митингдери өтүп жатат”, - деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле эл толкунунун алдында жүрүшкөн оппозиция өкүлдөрүнүн бүгүн түрмөлөрдө отурганы, айрымдарынын азыр да болсо ыңкылаптын максаттары үчүн күрөшүп жүргөнү, кай бирлери өмүрүнө коркунуч туулганына байланыштуу чет өлкөгө кеткени, айрымдарынын өлтүрүлгөнү тууралуу жазылган.

“2010-жылдын 17-мартында өткөн Элдик Курултай жалпы элдин атынан Бакиевге жети талап койгон эле, алар аткарылбады. Ошондуктан, Бириккен элдик кыймыл бүгүн К.Бакиевдин өлкөнү башкарууга эч кандай моралдык укугу жок деп эсептейт. Үй-бүлөлүк топ тарабынан ээленип алынган бийлик кайрадан элге өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Эгемендүүлүк менен бийликтин бирден бир ээси катары ар бир аймакта Элдик Курултай өткөрүү менен элдик бийликти калыбына келтирүү маселесин талкууга койууга Кыргызстан калкынын толук конституциялык укугу бар”, - деп жазылат билдирүүдө.

Президент Курманбек Бакиев болсо 23-мартта Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө оппозицияны "альтернативдүү программаларын коомго сунуш кылуу ордуна жалаң сындоо, карандай каралоо менен алек болуп келатышат, алардын "кетсинден" башка сөзү жоктой", - деп сынга алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG