Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Ынтымак курултайы өтүп жатат


Ынтымак курултайынын ачылышы, 23-март.
Ынтымак курултайынын ачылышы, 23-март.

Улуттук филармонияда өтүп жаткан курултайга 742 делегат катышууда. Жыйын башында Курултайдын төрагасы жана 17 кишиден турган Төр кеңеши шайланды. Андан соң президент Курманбек Бакиев кайрылуу жасады. Курултайдын иши эки күнгө созулат.

Ынтымак курултайы ачылган соң, анын жобого ылайык Ынтымак курултайынын ишин алып баруу жыйындын эң аксакал өкүлү, Ысык-Көл облусунан келген делегат, Жол-Колот айылдык Аксакалдар сотунун төрагасы Б.Самаевге тапшырылды. Ал өз сөзүндө кыргызстандыктарды ынтымакка чакырып кетти. Андан кийин Курултайдын төрагасын шайлоо болуп, ага Садыкбек Аблесовдун талапкерлиги коюлду жана ал бир добуштан шайланды.

Андан соң Курултайдын 17 кишиден турган Төр кеңеши шайланды. Ага ар бир аймактан өкүлдөр, сыртта иштеген кыргызстандыктардан бир өкүл, диний конфессиялардан бир, президенттик квота менен келгендерден бир, коомдук уюмдардан бир, чыгармачыл жана башка топтордон бирден өкүл шайланды. Шайлоо учурунда да делегаттардын арасында пикир келишпестиктер жаралды. Аягында көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен Чүйдөн Апаз Жумагулов, Баткенден Эрмекбай Топчубаев, Ысык-Көлдөн Мурат Жетимишбаев, Жалал-Абат облусунан Абдыжапар Тагаев, Таластан Камалбек Дарданов, Нарындан Кайып Калназаров, Ош облусунан Сурма Абдразакова, Ош шаарынан Давран Сабиров, Бишкек шаарынан Абдыразак Мокенов, эмгек мигранттарынан Авазбек Мийзамбеков, диний конфессиялардан Мураталы ажы Жуманов, коомдук уюмдардан Ишенбай Абдыразаков, жаштардан Сабырбек Заиров, чыгармачыл топтон Түгөлбай Казаков, ишкерлерден Валерий Диль, улуттар ассамблеясынан Жаңыл Түмөнбаева шайланды.
Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайына кайрылуу жасоодо

Андан соң президент Курманбек Бакиевге сөз берилди. Ынтымак курултайынын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы Ынтымак курултайынын милдети бардык тараптарды жакындатуу деп белгиледи. Анын айтуусунда, ынтымак-ырашкерлик болмоюнча алдыга жылуу болбойт. Президент 2005-жылы 24-марттагы ыңкылапты ишке ашыргандардын баарына ыраазылык билдирип, бул күндү Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү даталардын бири катары белгиледи. “Ыңкылаптан берки 5 жылдын жарымы ич-ара талаш-тартыш менен өттү, мамлекет өрт өчүргүч сымал ар жердеги нааразылык очокторун өчүрүү менен алектенип келди”, - деди К. Бакиев. Президент Ынтымак курултайынын ар бир катышуучусунун айткан сөздөрүн баштан-аяк угууга даяр экенин да билдирди.

Өлкө президенти ошондой эле оппозиция болбосо коом өнүкпөсүн да белгилеп, бирок Кыргызстандагы оппозиция бийликке бир беткей сын айткандан башкага жарабайт деп сынга алды. Президент курултайга оппозиция өкүлдөрү да чакырылганын, бирок алар катышуудан баш тартканын белгилеп, оппозиция өкүлдөрү да ушул жерге келип ой-сунуштарын айтса болмоктугуна токтолду. Өлкө башчы ошондой эле оппозициянын "кетсинден" башка айтар сөзү жок деп сындады.

Президенттин кайрылуусунан соң Курултайдын катышуучулары түштөнүүгө тарашты. Ынтымак курултайынын иши эки күнгө созулат. Төраганын маалыматы боюнча, делегаттар түштөн кийин саат 18:15ке чейин иштешет. Курултай эртең саат 10:00дон 18:00ге чейин ишин улантат.

Оппозициялык бириккен элдик кыймыл бийликтин Ынтымак курултайынан баш тартып, 17-мартта Элдик курултай өткөргөн. Анда бийликке жети талап коюлуп, 24-мартка чейин бул талаптар аткарылбаса жер-жерлерде элдик бийлик орнотууну көздөгөн элдик курултайлар башталаары жарыяланган.

Ппрезиденттик квота менен делегат болуп чакырылгандардын айрымдары кечээ бул курултайга катышуудан баш тартышкан. Алардын бири, коомдук-саясий ишмер Дастан Сарыгулов мындай чечимге курултайды уюштуруу комитетине 18-мартта жиберген сунуш-талаптарына алигүнчө жооп болбогону себеп болгонун "Азаттыкка" билдирген.

Бул делегаттар саясий куугунтуктарды токтотуу, конституциялык өзгөртүүлөр боюнча долбоорду чакыртып алуу, арзанбаа сатылган стратегиялык объекттерди мамлекетке кайтарып алуу, Баш мыйзамга Элдик курултай институтун киргизүүнү жана Алай, Нарын элининин талаптарын калыс карап, чечүүнү талап кылышкан.

Ынтымак курултайы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:11:05 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG