Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Казакстанда Бажы биримдигинен баш тартууну талап кылышууда


Үч өлкө президенттери Бажы Биримдигинин маселелерин соңку кездери утур-утур талкуулашууда. 2009-жылдын 27-ноябры.
Үч өлкө президенттери Бажы Биримдигинин маселелерин соңку кездери утур-утур талкуулашууда. 2009-жылдын 27-ноябры.

Жыл башынан тарта Казакстан аймагы аркылуу товар ташуу кайрадан кыйындагандан бери Кыргызстанда Орусия, Беларус, Казакстандын Бажы Биримдигине тезирээк кирүү сунушу айтылууда.

Ал эми Казакстандын өзүндө коомчулуктун жооп топ өкүлдөрү өлкө жетекчилигинен Бажы Биримдигинен баш тартууну талап кылып чыкты.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев, өкмөт башчысы Карим Масимов, парламенттин кош палатасынын төрагалары Касымжоомарт Токаев менен Орал Мухаммеджановдун атына жолдонгон ачык кат Ноорузду майрамдоо аяктаар замат эле “Көз карандысыздыкты коргоо” деп аталган кыймылдын атынан жөнөтүлдү.

Катка кол койгон жүздөн ашуун адамдын арасында казак эл акыны, мурдагы элчи Мухтар Шаханов, “Азат”, “Алга”, Коммунисттик партия өңдүү оппозициячыл саясий уюмдардын лидерлери, атүгүл адатта президент Назарбаевдин саясатын колдоп жүргөн бир катар коомдук ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү, айрым өкмөтчүл маалымат каражаттарынын баш редакторлору да бар.

“Көз карандысыздыктын бүтүшүнүн башталышы”

Документтин авторлору казак жетекчилигинен Бажы Биримдиги боюнча келишимдерди денонсациялоону (андан баш тартууну), Казакстандын мурдагы Бажы кодексин калыбына келтирүүнү “чечкиндүү” талап кылышкан.

Билдирүү ээлери Бажы Биримдигинен Казакстандын көз карандысыздыгына коркунуч бардыгын, анын кээ бир шарттары Казакстандын улуттук экономикалык жана стратегиялык кызыкчылыктарына жооп бербей турганын белгилешет.

Жүйө катары Казакстан иш жүзүндө элдин макулдугусуз эле Орусиянын бажы аймагына киргенин, бирдиктүү бажы тарифинин 92%ы Орусиянын Бажы кодексинен алынганын, бажы төлөмдөрүнүн 90%ы орус, ал эми 7%дайы эле казак бүжөтүнө түшөөрүн, Казакстан темир жол, газ, электр тарифтерин да өз алдынча беките албай турганын келтиришет.

Ошондой эле Бажы Биримдигине кирүүнүн айынан Казакстанда эл керектөөчү товарлардын беш миңдей түрүнө бажы алымдары (пошлина) эки эседен ашуун көтөрүлгөнү, мындай жагдай элдин чөнтөгүнө сокку урганы айтылган.

“Экономикалык эгемендиктен (суверенитет) айрылуу акырында саясий суверенитеттин Мосвага берилишине алып келет”, - деп эсептешет кайрылуу ээлери.

Эгер коомчулуктун Бажы Биримдигинен баш тартуу жөнүндөгү талабы орундалбаса, атуулдук нааразылык акцияларын өткөрүп, өлкө жетекчилигинин кызматтан чегинүүсү, парламенттик жана президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү маселесин көтөрүшөөрүн да билдиришкен.

“Улут тагдыры” деген коомдук уюмдун төрагасы Дос Көчүм - кайрылууга кол койгондордун бири. Ал маселенин эмне үчүн мурда эмес, эми гана көтөрүлүп жатышын төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Чындыгында кеч болгону ырас. Мунун эң башкы себеби - өкмөтүбүз бизге бул маселе боюнча эч маалымат бербей, 1- январдан тарта күчүнө кирди деп факт алдында коюп койгону болду. Бул бир жагынан калкты алдап койгондой көрүнөт.

Коомдук ишмер Дос Көчүмдүн ырастоосунда, Бажы Биримдигинин таасири сезиле башталгандан бери Казакстанда эки багыттагы тынчыздануу пайда болду:

- Биринчиси, албетте, экономикалык жагы. Ишкерлер ушул маселе боюнча өзүлөрүнүн тегерек үстөл жыйындарын өткөрүп, Бажы Биримдигинин пайдасыздыгы жөнүндө маселе көтөрө баштады. Ошол эле учурда улуттук багыттагы кыймылдар, уюмдар ага соңку убакта оппозиция өкүлдөрү да кошулуп, бул - биздин көз карандысыздыгыбызга кооптуу кадам деген маселени көтөрүшүүдө. Андыктан мунун эки тарабы бар. Эң башкысы бизде Бажы Биримдиги аркылуу көз карандысыздыгыбызды жоготобузбу деген тынчсыздануу үстөмдүк кылат.

Бүгүнкү өпкөдөн эртеңки куйрук артыкпы?

Казак ишкерлеринин көз карандысыз ассоциациясынын вице-президенти Темир Насханов Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Казак кызматы менен маегинде өлкө Бажы Биримдиги иштей баштаган үч айдан берки натыйжалар тууралуу буларга токтолду:

- Казакстан товарлардын көбүн четтен алып келет. Коңшубуз Кытайдан, Европадан. Андыктан үчүнчү өлкөлөрдөн келип жаткан товарлардын алымы жогору көтөрүлүп кетти. Чет өлкөлөр менен иштеп жаткан ишкерлер азыр эмне кыларын билбей турат. Чек арадагы бажы бекеттеринде далай унаалар туруп калды, өткөрбөй жатышат. Болочокто пайдасы болушу мүмкүн, бирок биз азыр уттук деп айта албайбыз.

Казак парламентинин депутаты Мурат Абенов болсо Бажы Биримдиги боюнча жыйынтыкты эртелеп чыгаруу туу эмес экенин айтат:

- Себеби, бул жараян эми гана башталды. Менимче, жакшы натыйжасын бир эмес, төрт - беш жылда берип баштайт. Бажы Биримдигине кирүү бизге өз өндүрүшүбүздү күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Бизде ушул убакка чейин чечилбей жаткан эки проблема бар. Биз чек арабызды ачып коюп, өз базарыбызды, товар өндүрүшчүлөрдү коргой албадык. Экинчи жагынан өндүрүшчүлөрбүздүн товарын сыртка экспорттоого жакшы колдоо көргөзө албадык. Бажы Биримдигине ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн кирип олтурабыз.

Жыл башынан Казакстан аркылуу товар ташуу кайрадан кыйындагандан бери Кыргызстанда да Бажы Биримдигине кирүү зарылдыгы айтылып келүүдө.

Мына ушул идеянын кызуу жактоочуларынын бири, кыргызстандык экономист, мурдагы министр Жумакадыр Акенеев биринчи кезекте казак экономикасы зыян тартканы менен акырында пайда көрөт деген пикирде:

- Токсон пайыз Орусиянын нормативин алгандыктан, казактарга бүгүн көбүрөөк төлөөгө туура келип жатат. Бирок жалпы экономикага Бажы Биримдиги чоң ийгилик алып келет. Товарлардын токтотулбай, нары–бери өтүүсүнөн мүмкүнчүлүк болот. Кандай болбосун Орусия менен Казакстан ортосунда деле бажы кызматтары товарларды, анын ичинде биздикин да өткөрбөй катуу иштешчү.

Жакында Казакстан парламентинде айтылган маалыматка караганда, Бажы Биримдигинен улам быйыл бажыдан бүжөткө түшүүчү киреше 70 миллард теңге, же 500 миллион доллардын тегерегинде азайуусу мүмкүн.

Орусия, Беларус жана Казакстандын өз ара макулдашуусуна ылайык четтен келүүчү товардан алынуучу бажы төлөмдөрүнүн 87, 97%ы Орусиянын, 7,33%ы Казакстандын, 4,70%ы Беларустун бүжөтүнө түшөт.

Экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, мындай бөлүштүрүү үч өлкөнүн ар биринин Улуттук дүң өндүрүшүнүн көлөмүнө ылайык жасалган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG