Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

Казакстанда уран компаниясынын мурдагы кызматкерлери акталды


Өлкөнүн баш прокурору мамлекеттик КазАтомПромдун мурдагы үч улук кызматчысына каршы айыптоолорду күчүнөн кетирди. "Азаттыктын" Казак кызматы билдиргендей, бул үчөө тергөө иши менен тыгыз кызматташкандыгын прокуратура бышыктаган. Директордун орун басарлары Малказ Цорсория, Дмитрий Парфенев жана Аскар Касабеков май айында камакка алынып, финансылык бурмалоо, коррупция боюнча айыпталган эле. КазАтомПромдун директору Мухтар Жакишев коррупциялык айыптоо менен үстүбүздөгү айда 14 жылга эркинен ажыратылган. Жакишевдин колдоочулары сот ишин саясий куугунтук деп ырасташууда.

XS
SM
MD
LG