Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Иляд Алави бардык тараптар менен сүйлөшүүгө даяр


Ирактын парламенттик шайлоосунда жеңүүчү деп табылган мурдагы өкмөт башчысы өкмөттүн курамын аныктоодо бардык тараптар менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. 7-марттагы шайлоодо секулярчы Иляд Алавинин блогу азыркы премьер, шийиттердин өкүлү Нури ал-Маликинин "Мыйзамдуу мамлекет" блогун жеңип алган эле. Бир нече аптага созулган эсептөөдөн кийин жарыяланган шайлоо жыйынтыгына ылайык, Иляд Аллавинин Иракия блогу 325 мандаттын 91ин алды, ал эми "Мыйзамдуу мамлекеттин" үлүшүнө 89 орун тийди. Ирактын конституциясы боюнча, парламенттеги бардык орундардын төртөн бирин аялдар түзүшү керек.

XS
SM
MD
LG