Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Чоң-Алайда ок аткан чекисттер кызматтан кол жууду


Бул туурасында Чоң-Алай районунун акими Мукаш Каримбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 20-мартында кечке маал аймактын борбору Дароот-Коргон кыштагында райондук коопсуздук кызматынын эки кызматкери жергиликтүү тургундар менен жаңжалдашып, ок атышкан. Бактыга жараша эч кимге ок тийген эмес, бирок чекисттерден токмок жеген үч жарандын бирөөсү ооруканага жаткырылган. Учурда атайын кызматтын эки кызматкери тең жумушунан бошотулуп, үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө абагында сурак берүүдө. Бул окуя боюнча Улуттук коопсуздук кызматы менен байланышуу аракетибизден азырынча майнап чыккан жок. (ATo)

XS
SM
MD
LG