Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Барак Обама Ооганстанда болду


Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама 28-мартта мурда жарыяланбаган сапар менен Ооганстанга барып кетти. Кабулга бараары менен ал Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту. Обаманын айтымында, Америка эли Ооганстандагы алга жылуулар үмүт жаратат деп ишенет. АКШ президенти ошол эле маалда Карзайды башкаруу тармагын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдын үстмөдүгүн орнотуу жаатында аракеттерди улантууга үндөдү. Обама ооган президентин май айында Вашингтонго барууга чакырды. Карзай Обамага жардам үчүн ырахматын айтып, АКШ менен кызматташуу мындан ары да улантылат деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG