Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Бүгүн нарындыктар тарифтер боюнча нааразылык акцияга жыйналат


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймактагы “Электр энергиясынын жана жылуулуктун баасын төмөндөтүү” кыймылынын өкүлү Эркин Асаналиев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн энергетика саясатында түшүнүксүз жагдайлар көп болуп жатат. Ал арада премьер-министр Данияр Үсөнов бүгүн Нарынга иш сапар менен барат. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Д. Үсөнов эл менен жолугушат. Айыл чарба жана өнөр жай ишканаларында болот. 27-мартта президент Курманбек Бакиев бийик тоолуу, алыс, барууга кыйын аймактарда жана чек ара райондорунда жашагандарга мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары тууралуу жардыкка кол койду. Жардыкка ылайык, тарифтердин жогорулашына байланыштууу өкмөт бир айдын ичинде мындай аймакта жашаган адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды даярдоого милдеттендирилди. (EBM)

XS
SM
MD
LG