Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн тергеп-иликтөөдөгү жагдайлар тууралуу казак ички иштер органдары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматына расмий кайрыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын басма сөз өкүлү Рысбек Быкын уулу билдирди. “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 26-мартта Казакстандын тергөөчүлөрүнө журналист Г. Павлюктун өлүмүнө байланыштуу сурак берип келген. Ө.Текебаев казак тергөөчүлөрү көрсөткөн беш сүрөттүн ичинен Улуттук Коопсуздук кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун сүрөтүн тааныгандыгын "Азаттыкка" билдирди. Кыргызстандык журналист Г. Павлюк 2009-жылдын этегинде Алматада белгисиз жагдайда киши колдуу болгон. Оппозициялык күчтөр анын өлүмүн журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат. (EBM)