Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Кинематографисттер биримдигинин төрагалыгына А.Сүйүндуков шайланды


Ишемби күнү Бишкектеги кино үйүндө өткөн Кыргызстан кинематографисттер биримдигинин XV кезексиз курултайы болуп, үч саатка созулган кызуу талаш тартыштан кийин курултайдын күн тартиби бекитилди. Анда негизги маселе киночулардын демилгелүү тобу 6-мартта өткөргөн XV кезексиз курултайынын легитимдүүлүгүн ачык добушка коюу маселеси коюлуп, 70 добуш макул, 23ү каршы добуш берип, демилгелүү топтун курултайы легитимдүү деп табылды. Бул тууралуу кинорежиссер Темир Бирназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан кинематографисттер биримдигинин мурдагы төрагасы Таалайбек Бапанов белгисиз себептер менен киночулардын курултайын убактысында өткөрбөй, биримдиктин иши боюнча очетун бербей келген. “Кыргызстан кинематографисттер биримдиги иш алып бара албай калганынан улам демилгелүү топ ушул жылдын 6-мартында XV кезексиз курултайды чакырып, көпчүлүк добуш менен Кинематографисттер биримдигинин төрагылыгына кинорежиссер Артык Сүйүндуковду шайлаган”,-дейт Т.Бирназаров.

Таалай Бапанов башында турган экинчи бир топ буга чейин кинематографисттер биримдигинин 6-марттагы XV кезексиз курултайын легитимсиз деп келишкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG