Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

А.Нарматов: Жанкечтиликке чыныгы мусулман барбайт


Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов мындай пикирин бүгүн Москва шаарындагы эки метродогу жардырууга байланыштуу билдирди. Ал “Азаттыкка” берген маегинде соңку мезгилдерде мындай жардыруу болгондо эле ислам динине жаап койгон учурлар көп кездешип жатканын белгиледи. “Мен эми аралашып жүрбөгөндөн кийин бир беткей баа берип, эртерээк бир нерсе айтуу өтө кыйын нерсе. Аны иликтөө кызматы иликтеп жаткандыр. Мисалы Осама бин Ладен деген менен анын жан жөөкөрлөрү болсо бүгүнкү күнгө чейин кармалыш керек эле. Мунун артында көп суроолор турат. Бул суроолордун жообун алыш өтө кыйын болуп калды”, - дейт А.Нарматов.
Бүгүн эртең менен Москва шаарынын “Лубянка”, “Парк культуры” метролорунда жардыруу болуп, андан 38 адам каза таап, 70тен ашууну жарадар болгону айтылууда. Орус маалымат каражаттары бул окуя боюнча “террорист” беренеси менен кылмыш иши козголгонун жазып чыгышты. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров алдын-ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG