Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:53

Москва метросунда болгон эки жардыруудан кеминде 36 кишинин каны төгүлдү


Россиянын Чукул кырдаалдар кызматынын маалымдашынча, эртең менен эл жумушка шашып жаткан тушта “Люблянка” жана “Парк Культуры” станцияларында жанкечти аялдар жардырган бомбадан 50дөн ашуун адам жарадар да болгон.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников жанкечтилер Түндүк Кавказдагы террорчул топтор менен байланышта болушу мүмкүн деген божомолду айтты:

- Биздин алдын ала болжолубуз боюнча береги террордук чабуулду Түндүк Кавказга байланышы бар террорчул топтор ишке ашырды. Биз ушул пикирди кармануудабыз.

Президент Дмитрий Медведев коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруду.

XS
SM
MD
LG