Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

“Азаттыкты коргоо” кыймылы бүгүн акцияга чыгат


Нааразылык акциясы Бишкекте Акыйкатчы институтунун алдында болот. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, анда “Азаттык” үналгысын Улутуттук телерадиокорпорациясы аркылуу жалпы өлкөгө уктуруу жана радиого жасалган кысымды токтотуу талабы коюлмакчы. Улуттук биринчи канал “Азаттык” менен кызматташууну 2008-жылы күздөн тарта токтоткон. Ушул айдын башынан баштап Бишкекте “Манас жаңырыгы” телеканалы “Азаттыктын” телекөрсөтүүлөрүн бербей калды. Көпчүлүк аймактарда үналгынын шериктештери жогору жактан кысым болуп жатканын оозеки айтып кызматташуудан баш тартышты. Расмий бийлик бул жагдай тууралуу кабары жоктугун, иштин чоо-жайы териштирилерин убада кылышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG