Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Кыргыз ТИМи орус элчилигине нота тапшырды


Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кээ бир орусиялык массалык маалымат каражаттарындагы кыргыз бийлигин сындаган материалдар үчүн Орусияга нота тапшырды. Бул тууралуу айрым маалымат агенттиктер кыргыз өкмөтүнө шилтеме кылып жарыялашты. Кабарга караганда, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул нааразылык нотаны кабыл алды. Соңку учурда орус маалымат каражаттарында кыргыз бийлигин үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги үчүн кескин сынга алган бир топ макалалар жарык көрдү. Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайында бул жагдайга токтолуп, эки өлкөнүн мамилесин бузууга кызыккандар бар, деп айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG