Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

"Учурдун" компьютерлерин талкалоо боюнча иш козголо элек


Бул тууралуу Бишкек ИИБнин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Алардын маалымына караганда тергөөчү бул ишти иликтөөдө.
Ал эми “Учур” гезитинин баш редактору Асланбек Сартбаев аталган басылманын эртең жарык көрүүчү саны аркылуу Башкы прокуратурага кайрылып, мыйзамдуулукту сактоону өтүнөрүн билдирди. “Н.Мотуевдин ээн баш аракетине укук коргоо органдарынын салкын мамилеси Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана массалык маалымат каражаттарынын коопсуздугуна коркунуч туудурат”,-дейт А.Сартбаев.

25-мартта эртең менен “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев “Учур” эркин гезитине барып, редакцияга таандык төрт компьютерин белгисиз себептер менен талкалап кеткен. Н.Мотуев бул кылгандарын “Азаттыкка” тастыктап, мыйзамсыз мындай кадамын аны гезит бир жактуу каралап келатат деп жана сотко ишеним артпаган үчүн деп негиздеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG