“Ата мекен” социалисттик партиясы Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев инвестиция боюнча форумга Вашингтонго чакырылганын белгилеп, Максим Бакиев жетектеген Борбордук агенттик конституциялык эмес орган экенин билдирген. Мыйзамсыз органдын өкүлүн чакыруу менен АКШ сөз жүзүндө демократия жана мыйзамдуулукту жактаган менен, иш жүзүндө чектен чыккан, коррупциялык, мыйзамдарды бузган режимдерди колдоп жатканын көрсөтүүдө, деп белгиленген бүгүн таратылган билдирүүдө.
Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз делегациясы АКШга жылдык эки тараптуу кеңешүүлөргө барарын билдирди. Мындай жолугушуулар жалпы Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун алкагында өткөрүлүүдө. Буга чейин мындай жолугушуулар Өзбекстан, Казакстан, Тажиктсан делегациясы менен болгон. Ал эми Түркмөнстан менен майда өткөрүлөт.
Кыргызстандын бийлик органдары президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген Борбордук агенттик Конституцияга ылайык түзүлгөнүн билдирип келет.(AiT)