Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Серб парламенти Сребреница кыргыны үчүн кечирим сурады


Сербия парламенти 1995-жылкы Сребреница кыргынын айыптаган резолюцияны жактырды. Декларация 1 күнгө созулган талаш-тартыштардан кийин кабыл алынды. Аны 250 депутаттын 127си колдоду. Резолюцияда кыргынды алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрүлбөгөндүгү белгиленип, курман болгондордун жакындарына көңүл айтылат. Улутчулдар документти “адилетсиз” жана "уят иш" деп аташты. Резолюцияны бийликтеги батышчыл коалиция колдоп, бул кадам аймактагы жарашуу процессине жана өлкөнүн Еврошаркетке кирүү аракеттерине жардам берет деп ырасташууда. 1995-жылдын июль айында Босниянын Сребреница шаарчасында сербдердин колунан 8 миңдей мусулман эркек каза тапкан.

XS
SM
MD
LG