Ош шаарында өлкөнүн түштүгүндө абактардагы кыйноолорго мониторинг жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары боюнча отуздай укук коргоочуга семинар өткөрүлүүдө. Иш-чараны Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү Жалал-Абаддагы “Справедливость” бейөкмөт уюму менен Акыйкатчы институтунун колдоосунда уюштурган. Эки күндүк иш-чарада укук коргоочуларга абактагы кыйноолорду азайтуу, жалпы эле түрмөдөгүлөрдүн, балдар үйүндө тарбияланып жаткандардын укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча тренингдер өтүүдө. Бул тууралуу “Справедливость” уюмунун өкүлү Авазбек Токтогулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн аталган маселе боюнча уккук коргоо жаатында иштеген бейөкмөт уюмдарынын өкмөт менен иштешүүсүн жакшыртуу маселеси талкууланууда. (AiJu)