Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Орус президенти согушкерлердин максаты орундалбасын билдирүүдө


Дмитрий Медведев бул тууралуу 50дөй адамдын өмүрүн алып, 100дөй кишини жарадар кылган жардыруулардан кийин айтты:

-Террорчулардын максаты - өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү, жарандык коомду талкалоо, эл арасында дүрбөлөң түшүрүп, коркунуч жаратуу. Биз буга жол бербейбиз.

Ал эми премьер- министр Владимир Путиндин айтымында, дүйшөмбү күнү Москвада, бүгүн Дагестанда жасалган бомба чабуулдардын аркасында жалгыз топ турушу мүмкүн. Дагестандын Кизляр шаарындагы бүгүнкү кош жарылуудан 12 адам каза тапты. Жарылуулардан кеминде бирөөсүн жанкечти жасаган. Мунун алдында дүйшөмбү күнү Москванын метросунда эки жанкечти аял эки станцияда жасаган бомба чабуулдан 39 кишинин өмүрү кыйылган эле. Орус бийликтери ал жанкечтилердин Түндүк Кавказдагы террордук топтор менен байланышы бардыгын билдирген. Бул аралыкта таанымал чечен согушкери Шимсеттин Батукаев жардыруулар үчүн анын тобу жоопкер деген маалыматтарды төгүндөдү. Батукаевдин сөзүнө караганда, алар Орусия аймагында жарандарга эмес, экономикалык обьектилерге кол салууну пландаган.

XS
SM
MD
LG