Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

“Манас” эпосу боюнча мыйзам долбоор парламентке жөнөтүлдү


Мамлекет башчы Курманбек Бакиев 31-мартта “Манас” эпосу тууралуу мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна жиберди. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, долбоор эпосту кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы катары сактап, даңазалап жана өнүктүрүү боюнча маселелерди жөнгө салуу үчүн иштелип чыкты. Мыйзам долбоор Ынтымак курултайдын делегаттарынын сунуштар менен толукталды. Ага ылайык, мамлекет “Манаска” байлыныштуу кызыкчылыктарды коргойт, манасчылардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзөт, эпосту башка тилдерге которуу боюнча шарт түзөт, “Манас” боюнча илимий иликтөөлөрдү өткөрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG