Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Кыргыз-словак парламент аралык комиссия өтөт


Аталган комиссияны Кыргызстанда өткөрүү тууралуу бүгүн Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев менен Словакия өлкө башчысы Иван Гашпаровичтин жолугушуусунда белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында билдирген К. Бакиев эки тараптуу сүйлөшүүдө энергетика, экономика, туризм тармактары боюнча кызматташуу маселелери талкууланганын айтты. Ошондой эле тараптар Бириккен улуттар уюму жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташуу тууралуу дагы сөз козгоп, бул маселе боюнча өлкө башчылары биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери мамлекет аралык дипломатиялык визалардын талаптарын жоюу боюнча келишимге кол коюшту. Сүйлөшүү соңунда И. Гашпарович К. Бакиевди өз өлкөсүнө расмий түрдө чакырды. (AiJu)

XS
SM
MD
LG