Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

К.Бакиев: Көп тармактуу сүйлөшүүлөр болду


Кыргыз-словак мамлекет башчылары жыйынтык документтерге кол коюу аземинен соң маалымат каражаттарына билдирүү жасашты. Өз сөзүндө мамлекет башчы К.Бакиев кыргыз-словак ортосунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу боюнча маанилүү сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. “Дээрлик бардык маселелер боюнча бирдей көз карашта жана позицияда экендигибиз тастыкталды”,-деди К.Бакиев.

Ал ошондой эле жеңил өнөр-жай, гидроэнергетика, туризм, айыл чарбасы, кайра иштетүүчү жана тамак-аш өнөр жайы сындуу маанилүү тармактарга басым жасалгандыгын, БУУ, ЕККУ сындуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун жолдору талкуулангандыгын, маданий-гуманитардык алакалар боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айтты.

Өз сөзүндө Иван Гашпарович курулуш, машина куруу, дары-дармек чыгаруу, медицина тармактарында өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги кең экендигине токтолду. “Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар мамлекеттер аралык мамилелерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө жакшы таасирин тийгизет. Мен президент Курманбек Бакиевге жубайы менен өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырдым”,-деди И.Гашпарович. (AJ)

XS
SM
MD
LG