29-мартта Коррупциялык системага каршы күрөшүү жана Улуттук кайра жаралуу элдик-патриоттук революциялык кыймылы жана Кыргызстан патриоттук партиясы курултай өткөрдү. Ага жүзгө жакын адам чогулуп, алар Кыргызстандагы учурдагы саясий-социалдык абалды талкуулады. Делегаттар өлкөдө теңчилдик, демократия жоголгонун айтып, Кыргызстанга капиталисттик система эмес, социализм керектиги белгиледи. Мындан улам, жалпы системаны өзгөртө турган элдик кыймыл түзүлүп, ал Сагынбек Момбеков жетектеген "Элдик кеңеш" кыймылына кошулду. Бул тууралуу Улуттук кайра жаралуу элдик-патриоттук революциялык кыймылынын төрагасы Назарбек Нышанов “Азаттыкка” билдирди.
С.Момбековдун "Азаттыкка" ырасташынча, курултайга 20дан ашык адам чогулган.
(AiJu)
С.Момбековдун "Азаттыкка" ырасташынча, курултайга 20дан ашык адам чогулган.
(AiJu)