Бүгүн өкмөттүн президиумунун жыйыны болуп, анда жыйырмадан ашуун маселе каралат. Алардын ичинде тоолуу, шарты катаал аймактарда жашаган калкты мамлекеттик колдоо маселеси да бар. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Белгилүү болгондой электр энергиясына баалардын кескин көтөрүлүшү калктын нааразычылыгын пайда кылып, Нарын облусунда калк ири митингдерге чыгууда. (AiT)