Бүгүн Бишкекте Ынтымак курултайынын Төркеңешинин жыйыны болуп, анда Ынтымак курултайдын статусу, облустук координаторлорду дайындоо, делегаттардын топторун түзүү маселелери каралды.Бул тууралуу Төркеңештин төрагасынын орун басары Түгөлбай Казаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ынтымак курултайынын статусун мурунку Эл өкүлдөр жыйынына теңөө, ыйгарым-укуктарын Конституцияда белгилөө, облустук координатор, делегаттардын топторун түзүү сунушталды. Бул сунуштар Президентке жолдонду.(AiT)