Бул тууралуу өрөөндүн тургуну Тотугүл Асылбекова “Азаттыкка” телефон аркылуу кабарлады. Анын айтуусунда Сырт өрөөнүн дүйнө менен байланыштыруучу Сөөк ашуусуна 2 метрден ашуун кар түшүп, жол жабылып калган: “Сырт дүйнө менен байланыш болбой өрөөндө жашаган 50дөй түтүн кыйынчылыкка кабылышты, мал-жан кырылып жатат,” дейт Т. Асылбекова. Айыл тургундары райондук акимчиликке, жолду тазалап ачууга көмөктөшүү өтүнүчү менен Кумтөр ишканасына кайрылышкан.
Бул маселе боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, алар жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.(ZKo)
Бул маселе боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, алар жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.(ZKo)