Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Нарында жаңы кызматтык дайындоолор


Бүгүн Нарын облустук акимчилигинде атайын жыйын өткөрүлүп, анда губернатор Алмазбек Акматалиев Президенттин жана өкмөт башчысы тарабынан мамлекеттик кызматка жаңы дайындалган адамдарды тааныштырды. Губернатордун биринчи орун басары кызматынан Мустафа Жумаканов бошотулуп, бул орунга мурда Ак-Талаа районунун акими болуп иштеп келген Эмил Алымкулов дайындалгандыгы айтылды. Ал эми Ак-Талаа районунун акими болуп Сейтек Кулубаев, ошондой эле Нарын Мамлекеттик Университетинин ректорлугуна педагогика илим доктору Салидин Калдыбаев дайындалганын билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG