Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Ош шаарында маңзаттын ири партиясы кармалды


Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын билдиришинче, мекеменин оперативдүү кызматкерлеринин 1-апрель күнү Ош шаарында жүргүзгөн атайын операциясынын негизинде маңзат ташыган туруктуу канал жок кылынды. Жергиликтүү тургун жашаган үйдү тинтишкенде, 21 килодон ашык героин, 108 килого жакын гашиш, ошондой эле Калашников автоматы табылды. Кармалган адамдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу абакка киргизилди. Ички иштер министрлигинин ырасташынча, табылган маңзаттар Тажикстандын жарандары аркылуу Орусияга жөнөтүлмөкчү экен. Жергиликтүү адистер аймактагы өлкөлөр маңзат бизнесине каршы чогуу чаран-күрөшмөйүнчө, бул илдеттен арылуу кыйындыгын айтышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG