Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:52

БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында каршылык акциясы өтүп жатат


БУУнун Башкы Катчысы Пан Ги Мун бүгүн эртең менен иш сапар менен Бишкеке келди. Баш катчынын жолун утурлай бүгүн Кыргызстандагы кысымга кабылган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү БУУнун Бишкектеги имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алардын арасында “Азаттык” үналгысынын, "Stan Media" телекомпаниясынын, “Форум”, "Назар", Ачык саясат", "Алиби" гезиттеринин жана башка аларга тилектеш маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар. Бул жерге ошондой эле “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова, ошондой эле башка укук коргоочулар бар. Чогулган адамдар Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктери басмырланып, сөз эркиндиги кысымга учурап жаткандыгы жөнүндө айтып, БУУнун Башкы катчысынын көңүлүн бул өлкөдөгү кейиштүү көрүнүштөргө бурууга аракет кылышууда.

Бийлик органдарынын кысымы астында Бишкекте жана аймактардагы өнөктөш радиокомпаниялар“Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн токтотконуна бир айга чукулдап баратат. Бул жумада конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырууда деп айыпталып, сот чечими менен “Форум” гезити жабылды. Каржы полициясы “Stan Media” телекомпаниясын текшерүүгө алып, ага техникалык жабдыктарын колдонууга тыюу салды.

Бишкекте журналисттер менен укук коргоочулардын каршылык акциясы жөнүндөгү кабар БУУнун Башкы Катчысына жеткирилди. Пан Ги Мун бүгүн Бишкекте Кыргызстандын саясий жетекчилиги менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча сапарын улантууда. Анын барган биринчи өлкөсү Түркмөнстан болду.

XS
SM
MD
LG