Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

БУУнун имаратынын алдындагы пикетчилерге прокурор эскертүү жасады


БУУнун имаратынын алдында журналисттер менен укук коргоочулардын акциясы уланууда. Саясий партиялардын лидерлери жана укук коргоочулар чыгып, өлкөдөгү адам укуктары жана эркиндиктерин басмырлоо көрүнүштөрүн белгилеп, бийликти сындап сүйлөп жатышат.

Акция болуп жаткан жерге Бишкектин Биринчи май районунун прокурору У. Асакеев келип, бул жерде митинг өткөрүү мыйзамсыз экендигин билдирип эскертүү берди. Мындай прокурордук эскертүү биринчи иретте “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасуловага, Коомдук парламент төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаевага жана Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиевага тапшырылды. (KC)

XS
SM
MD
LG