Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

К.Бакиев аялдардын укугун коргоо жөнүндө документке кол койду


Президент Курманбек Бакиев бүгүн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуу учурунда “Билдирүү менен аялдарды зордук-зомбулуктан коргойбуз” деп аталган документке кол койду. Жолугушууда Пан Ги Мун “Мен бүткүл дүйнөлүк аялдардын укугун коргогон документке кол коюу аземине катышып жатканыма абдан кубанычтамын. БУУнун ишмердүүлүгү көрсөткөндөй, биз аялдарды окутуу менен алардын балдарын, коомчулукту жана бүткүл өлкөнү окутуп жатабыз”, - деп белгиледи.

Учурда Пан Ги Мун өлкөнүн премьер-министри Данияр Үсөнов менен жолугушуп жатат. Жолугушуу соңунда өкмөттүн суу, энергетикалык стратегиясынын бет ачары болоору күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG