Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Карзай өз комментарийинен соң Ак Үйгө телефон чалды


Ооган президенти Хамид Карзай былтыркы президенттик шайлоого байланыштуу айткан сөзүн жымсалдоо үчүн АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтонго телефон чалды. Карзай жума күнү Ооганстандын Борборшайлоокомунун мүчөлөрү менен кездешүүдө Улуттар Уюму жана Евробиримдиктин бир катар мартабалуу өкүлдөрүн шайлоо жараянынан кийгилишти деп күнөөлөгөн. Карзай ошондой эле чет элдик ырасмий адамдарды анын бийлигин жана өкмөтүн алсыздантууну каалайт деп айыптаган.

Мамдепартаменттин билдиришинче, ооган президенти өз комментарийине тактык киргизүү үчүн телефон чалган жана сүйлөшүү “конструктивдүү” болгон. Билдирүүдө айтылганга караганда, Карзай “эл аралык коомчулуктун Ооганстандагы салымы жана курмандыктары үчүн” Клинтон айымга ыраазычылык айткан.

XS
SM
MD
LG