Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Жалал-Абад менен Ошто Элдик курултайдын аткаруу комитеттери түзүлдү


Президент Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатына макул эмес аттуу-баштуу саясатчылар Ош жана Жалал-Абад облустарында Элдик курултайдын аткаруу комитеттерин түздү. Бул тууралуу БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча бирикменин координатору болуп Топчубек Тургуналиев шайланды. анын катарында Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Кадыр Кошалиев бар. Ал эми Ош облусу боюнча Элдик курултайдын аткаруу комитетинин координатору болуп Дүйшөнкул Чотонов шайланып, курамында Бөдөш Мамырова, Анвар Артыков, Алмамбет Матубраимов жана башкалар бар. Ушундай эле бирикме жакында Ысык-Көлдө түзүлгөнү жатат. Элдик курултайдын аткаруу комитеттери буга чейин Нарын, Талас, Чүй облустарында түзүлгөн болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG