Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Нарын: Элдик курултайды драма театрда өткөрүүгө уруксат берилди


Нарындагы “Электр энергиясына жана жылуулукка тарифтерди азайтуу” боюнча кыймылдын өкүлү Эркин Асаналиев “Азаттыкка” шаар бийлиги 7-апрелде Элдик курултайды өткөрүүгө жана тарифтердин жогорулашына байланыштуу нааразылык акциянын улантууга драма театрды берди. Марттын аягында Нарын шаарында ири митинг болгон. Ага өкмөт башчы Данияр Үсөнов катышып мамлекеттин тарифтик саясаты тууралуу маалымат берген. Бирок жергиликтүү эл премьер-министрдин жообу канааттандырбаганын билдиришип, дагы нааразылык акцияларды өткөрүүнү чечишкен. Президент Курманбек Бакиев баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу шарты катаал райондордо жашагандарга кошумча колдоо көрсөтүү тууралуу жардыкка кол койгон. Мамлекет башчы 2-апрелде ардагерлер менен жолугушууда электр энергиясына жана жылуулукка бааларды көтөрүүнүн экинчи болбой турганын айтты. Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эки эсе, ал эми жылуулуктун баасы беш эсеге кымбаттады. (EBM)

XS
SM
MD
LG