Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Пешаварда АКШ консулдугуна болгон чабуулдан алты киши мерт болду


Эки жүк ташуучу машинеге түшкөн куралчан согушкерлер консулдукту аткылап, кол салгандардан төртөө жана консулдукту кайтарган эки киши окко учуп өлдү. Вашингтон чабуулду айыптаган билдирүү таратты. Пакистандын түндүк-батыш тарабындагы Пешаварда болгон чабуул үчүн жоопкерчиликти пакистандык талиптер өзүнө алышты. Ага удаа Пакистандын түндүк батыш тарабында саясий демонстрация маалында жанкечти жардырган бомбадан кеминде 19 киши мүрт кетти.

XS
SM
MD
LG