Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Каржы министрлиги күйүүчү май маселесинин бюджетке таасирин иликтейт


Бүгүн каржы министринин орун басары Эрик Усубалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында Орусия Кыргызстанга жөнөтүлүүчү күйүүчү майга бажы төлөмүн киргизгени боюнча суроолорго жооп берди. Расмий Москванын мындай аракети кыргыз өкмөтү үчүн күтүүсүз болгонун, Каржы министрлиги баалардын көтөрүлүшү бюджетке кандай таасир тийгизери иликтенерин айтты. Орусия Кыргызстанга жөнөтүлүп жаткан мунайзат продуктыларынын бир тоннасына 1-апрелден тарта 193,5 доллар өлчөмүндө жаңы бажы төлөмүн киргизди. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” Кыргызстан күйүүчү майдын 96 пайызын Орусиядан ташып келерин, мындай төлөмдөн кийин май баасы кеминде 7-8 сомго кымбаттай турганын айтты. Азыр бензиндин бир литринин баасы маркасына жараша 27-30 сомду түзөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG