Таластагы эл облустук акимчиликке киргенге чейин Талас шаарынын прокурору "Азаттыкка" мындай маалыматын берди: "Болот Шерниязов Талды-Булактан элге чыгып, эртең жыйналыш, курултай болот, ошого келгиле деп үгүттөптүр. Эмне үчүн үгүттөдүңүз эле десек, чындыгында мен үгүттөп жүрөм, курултай өткөрөбүз, деп ачык эле айтты. Бул мыйзамга ылайык келбейт. Конституциянын 25-статьясында коомдук чаралар жергиликтүү бийлик органдарына маалымдама берип туруп, андан кийин анан иш-чара өткөрүү маселеси каралган. Ошол маселе боюнча азыр биртке талкуу болду, андан кийин эч кандай эч нерсе болгон жок. Мен эскертүү берсем, эскертүүнү кабыл алуудан баш тартты. Мейли прокурор болобу, мейли аким болобу, мейли жөнөкой жаран болобу - мыйзамды сактап жүрүшүбүз керек да ар кимибиз. Ошол болгону. Шерниязрв кармалган жок. Ал эртеңки 7-апрелге карата жыйынга келгиле, чогулгула, деп элди үгүттөп атканы үчүн, 2004-жылы 22-июнда кабыл алынган мыйзам бар, ошол мыйзамдын талаптары бузулган үчүн эскертүү берүүгө аракет кылдык. Бирок ал эскертүү алуудан баш тартып койду".