Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Ооган президентинин билдирүүсү АКШ менен мамиледе чыңалууну жаратышы мүмкүн


Ооган парламентиндеги айрым депутаттар президент Хамид Карзай алар менен жолугуп, “Эгерде Батыш улам эле реформаны тездет деп талап кыла берсе, талиптерге өтүп кетем” деп билдиргенин айтышты. АКШ бул боюнча позициясын билдирди. Мамдепартаменттин расмий өкүлү Филип Коули: "Мен бул боюнча этиятыраак сүйлөгөнү турам. Карзай талиптер жөнүндө эмне дегенин түшүндүрүп бере албайм. Ал – Ооганстандын шайланган лидери, биз азыр президент, анын өкмөтү менен тыгыз кызматташып жатабыз. АКШ президент Карзай менен жекеме-жеке эмес, анын өкмөтү, эли менен кызматташууда", - деди.

XS
SM
MD
LG