Кабарчыбыздын билдирүүсүнө караганда, Талас облустук акимияттын алдына чогулган эл таяк, таш жана күйүүчү майларды бөтөлкөлөргө куюп, мүмкүн боло турган кагылышууга даярдык көрүүдө. Эл ичинде Талас аба майданына атайын багыттагы жоокерлер менен учак конду деген сөз тарагандан кийин ушундай даярдыктар көрүлүүдө. Бул арада өкмөт башчы Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, деструктивдүү аракеттер токтотулуп, мыйзам бузгандар катаал жазасын алаарын билдирди. (AiT)